Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Кыргызстан Швецияны Куранды өрттөөгө жол бербөөгө чакырды


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём. ТИМ тараткан коллаж.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём. ТИМ тараткан коллаж.

Швед тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, алар 31-июлда байланышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Швециянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелерин талкуулашты. Анын ичинде саясий байланыштарды улантуунун жана ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Швециянын тышкы иштер министри Куран китебинин нускасынын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча швед өкмөтүнүн позициясын белгиледи.

Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев “Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу чараларын көрүшү керек” деген пикирин билдирди.

28-июнда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатканда 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Швециянын борбору Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин тепкилеп, өрттөгөн. Окуя тартылган видео интернетке тараган. Полиция акцияны кайтарып, коомдук тартипти көзөмөлдөп турган. Мындан кийин мусулман өлкөлөрүндө миңдеген адамдардын катышуусунда нааразылык акциялары өтүп, Иракта жаалданган топ Швециянын элчилигине кирип барып, өрт койгон.

24-июлда Данияда эки демонстрант Ирак элчилигинин алдында Куран китебин өрттөшкөн. Бул да бир катар өлкөлөрдө нааразылык жараткан.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Швецияда жана Данияда өткөн акцияларды айыптап, "дүйнөдө чыңалууну күчөтүүгө, улуттар жана мамлекеттер ортосундагы ишенимге доо кетирүүгө багытталган жол берилгис кутум" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны айыптаган билдирүү тараткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG