Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Пакистандагы жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" радикал тобу жоопкерчилик алды


Жанкечтинин жардыруусунан жаракат алгандар ооруканада. Пакистан. 31-июль, 2023-жыл.
Жанкечтинин жардыруусунан жаракат алгандар ооруканада. Пакистан. 31-июль, 2023-жыл.

Пакистандын түндүк-батышында жанкечти уюштурган жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алды. Бул тууралуу уюм Телеграм аркылуу 31-июлда билдирди.

Ооганстан менен чектешкен Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Бажур районунда 30-июлда болгон жардыруу 50 кишинин өмүрүн кыйды, жүздөн ашуун адам жаракат алды. Айрым булактар 54 киши мерт кеткенин жазып жатышат.

Бийликти колдогон "Ислам улем жамааты" диний партиясынын жыйыны өтүп жаткан маалда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Дал ошол маалда партиянын лидерлери сүйлөп жаткан. Алар жабыркаган эмес.

Бул аймакты ашынган динчил "Техрик-е-Талибан" кыймылы байырлап келген. Акыркы жылдары өкмөттүк күчтөр бул регионго көзөмөлдү күчөткөн.

Кол салуу жыл соңунда өтө турган шайлоону утурлай коопсуздук боюнча тынчсызданууну күчөттү.

Пакистанда саясий митингдер маалында "террактар" буга чейин деле болуп келген, бирок соңку окуяда адамдар көп набыт болуп, жараат алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG