Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Кривой Рогдо орус армиясынын соккусунан алты киши мерт кетти


Орус армиясынын ракетасы тийген карапайым тургундар жашаган үй. Кривой Рог, Украина. 31-июль, 2023-жыл.
Орус армиясынын ракетасы тийген карапайым тургундар жашаган үй. Кривой Рог, Украина. 31-июль, 2023-жыл.

31-июлда Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган орус армиясынын соккусунан мерт кеткен карапайым тургундардын саны алтыга жетти. Бул тууралуу калаа мэри Александр Вилкул "Азаттык" радиосунун украин кызматына билдирди.

"Тилекке каршы, алты киши мерт кетти. Алардын арасында он жаштагы кыз бар. 75 киши жаракат алды", - деди ал.

Вилкул кошумчалагандай, учурда 22 адам ооруканада, экөөнүн абалы оор.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, орус тарап учурган эки ракетанын бири көп кабаттуу үйгө, экинчиси жергиликтүү колледждин имаратына тийген.

Вилкулдун айтымында, карапайым тургундар жашаган тогуз кабат үйдөгү 36 батир толук талкаланган. Ал президент Владимир Зеленскийдин кичи мекени деп саналган шаарга Орусия Украинага согуш ачкандан бери алтымыштан ашуун чабуул жасалганын кошумчалады.

31-июлда Херсон шаарына жасалган соккудан 65 жаштагы бир жайкын тургун мерт кеткенин жергиликтүү бийлик маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG