Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Пригожин "Вагнерге" жоочуларды жалдоо токтотулганын кабарлады


Евгений Пригожин.
Евгений Пригожин.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Телеграм-каналы аркылуу жоочуларды жалдоо токтотулганын кабарлады. Анда "учурда жоокерлерди кабыл алуу борборлорун ачуу иштери белгисиз. Азырынча жеке курамда таңкыстык жок, биз кабыл алууну пландаштырган жокпуз", - деп жазды.

Мунун алдында аталган компаниянын Телеграм-каналы жоокерлерди жалдаган борборлордун иши белгисиз мөөнөткө токтотулганын билдирген.

Пригожиндин айтымында, "Вагнер" Афикадагы жана Беларустагы "машыгуу борборлорундагы" ишин улантат жана жалданма аскерлеринин басымдуу бөлүгү эмгек өргүүсүндө жүрөт.

Жекшембиде, 30-июлда поляк премьер-министри Матеуш Моравецкий "жүздөн ашык "вагнерчи " Беларустун Польша менен Литвага чектеш жериндеги Сувалки коридоруна жеткирилгенин маалымдаган. Муну "Польшанын аймагын карай чабуулга коюлган кадам" катары айыптаган.

"Вагнердин" жоочулары Беларуска Орусиядагы "куралдуу козголоңдон" кийин көчө башташкан. Орусиянын аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24-июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Ал орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон.

Орусиянын бийлиги куралдуу жүрүшкө чыккандарга карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, ал эми "вагнерчилердин", анын ичинде Пригожиндин Беларуска чыгып кетүүсүнө жол берилген.

Буга чейин "Вагнер" аркылуу орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка тартылган он кыргызстандык каза болгону аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG