Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

31-июлдун аба ырайы


Суусамыр өрөөнү.
Суусамыр өрөөнү.

31-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 35…37° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29° ысык болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG