Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

"Дордой" базарындагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты


"Дордой" базары. Иллюстрациялык сүрөт.
"Дордой" базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы “Дордой” жана анын аймагында жайгашкан “Алкан” базарларына бомба коюлганы боюнча маалымат тастыкталбаганын билдирди.

Бүгүн, 29-июлда саат 10:12де базарга жардыргыч зат коюлганы боюнча шаардык милицияга кабар түшкөн. Ал жердеги соодагерлер менен кардарлар сыртка чыгарылып, базардын аймагында Ички иштер министрлигинин кинологдору иштеген.

“Алкан” базарына жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат 21-июлда түшүп, соодагерлер жана кардарлар чыгарылып, кинологдор менен саперлор издөө иштерин жүргүзгөн.

Кийин шаардык милиция түшкөн маалымат ырасталбаганын билдирген.

"Бомба" тууралуу жалган маалыматтар буга чейин дагы бир нече жолу катталган. 17-июлда Бишкектеги "Чынар" соода борборунда жана "Бахчай" кафесинде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, аныкталган эмес.

Бишкекте апрелде жана майда бир нече жолу бир катар мектептерге, жогорку окуу жайларынын имараттарына бомба коюлганы айтылып, бирок маалымат жалган болуп чыккан.

28-июлда УКМК Бишкектеги мектептерге жардыргыч зат коюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шек саналган 9-класстын окуучусу кармалганын билдирди. Ага чейин Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну да ушундай айып менен кармалганын маалымдалган. 20-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген жаранды алты айга камаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG