Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Бишкекте аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында киши өлтүрүүгө шек саналып 1991-жылы туулган Р.Э. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

28-июлда саат 21:40 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда бир аял каза болгону тууралуу шаардык милицияга кабар түшкөн. Маалыматта ал киши колдуу болгону, медициналык жардам көрсөтүлгөнгө чейин эле үзүлүп кеткени айтылат.

Милициядан билдиргендей, маркум 1983-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран экени, анын денесине оор залал келтирилгени аныкталганы жазылган.

Ленин райондук милициясы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“киши өлтүрүү”) менен кылмыш ишин козгоду. Кармалган шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатат.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары шектүү милицияда, каза болгон аял атайын кызматта иштегенин жазышты. Ленин РИИБи кармалган киши Ички иштер министрлигинде иштебегенин маалымдады. Атайын кызмат бул тууралуу комментарий бере элек.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG