Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Ошто милициянын ондогон кайгуул кызматкери нааразылыкка чыкты


ЖКККБнын Оштогу бөлүмүнүн нааразылыкка чыккан кызматкерлери, 28-июль, 2023-жыл.
ЖКККБнын Оштогу бөлүмүнүн нааразылыкка чыккан кызматкерлери, 28-июль, 2023-жыл.

28-июлда түн киргенде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50дөй кызматкери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын имаратынын алдына чыгышты. Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жети пункттан турган кат жолдошту. Алар министр Улан Ниязбековду бул ишке көңүл бурууга чакырышты.

Нааразылыкка чыккандар мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жатканын белгилеп, Жумагуловдун келишин талап кылышты. Эки саатка чукул турган кызматкерлерге жетекчи келген жок. Ош шаардык милициясынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишов кызматкерлерге жолугуп, атайын комиссия ишти териштире тургандыгын айтты.

29-июлга караган түнү Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирүү таратып, "кайгуул кызматы иш таштады" деген маалыматты четке какты.

"Айрым кызматкерлер бүгүн милициянын кайгуул кызматынын имаратына топтолушуп, кызмат убактысын кароону жана өздөрүнүн жетекчисинин ортосундагы пикир келишпестиктер тууралуу айтышты.
Айтылган сунуштар, нааразылыктар ИИМдин жана милициянын кайгуул кызматынын жетекчилигине жеткирилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта 31-июлда ИИМдин атайын комиссиясы текшерүү иштерин баштары да айтылат.

Ош шаардык милициясы калаада жол кыймылынын коопсуздугу көзөмөлдө экенин билдирди. Ошто милициянын кайгуул кызматынын 200дөн ашуун кызматкери бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG