Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Таганрогдогу жарылууда кеминде 12 киши жабыркады


Таганрогдо болгон жарылуудан кийин абага көтөрүлгөн түтүн. 28-июль, 2023-жыл.
Таганрогдо болгон жарылуудан кийин абага көтөрүлгөн түтүн. 28-июль, 2023-жыл.

Орусиянын Ростов облусундагы Таганрог шаарынын борборунда жарылуу болду.

Мамлекеттик банктын короосунда болгон окуяда кеминде 12 киши жараат алганын жергиликтүү 161.ru басылмасы күбөлөргө таянып жазды. Ростов облусунун губернатору Василий Голубевдин айтымында, калаанын чок ортосунда ракета жарылышы ыктымал.

"Куткаруучулар иштеп жатышат. Каза болгондор жок. Жараат алган бир нече адамга Тез жардам барды. Төрт адам жеңил жараат алган", - деп жазды Голубев Телеграмга.

Кийин ал медициналык жардам 15 кишиге көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Baza Телеграм-каналы кабарлагандай, жарылуунун жыйынтыгында "Чехов сад" кафеси талкаланып, айланасындагы үйлөрдүн терезелери күбүлүп түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында жарылуу болгон жерде узун-туурасы беш метрди түзгөн аң пайда болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинаны "Таганрогго кол салды" деп айыптады.

"Ростов облусунун Таганрог шаарындагы карапайым тургундар жашаган инфраструктурага Киев режими террордук чабуул жасады. Орусиянын абадан коргонуу системасы украин ракетасын асмандан аныктап, атып түшүрдү. Украин ракетасынын сыныктары Таганрог шаарына түштү", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Украин тарап окуя боюнча комментарий бере элек.

Азырынча жарылууга эмне себеп болгону так белгисиз.

Таганрог шаары Украина менен чектешкен Ростов облусунда жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG