Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Абиров Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берди


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Жогорку Кеңештин мандатын тапшырган депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берди. Мындай маалымат 28-июлда БШКнын сайтына жарыяланды.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абиров аталган округдагы кайра шайлоого катыша албастыгын билдирген. Бирок ал “Азаттыкка” комментарий берип жатып, БШК коллегиялдуу орган экенин, эгер экс-депутат арыз берсе, караларын айткан.

“Конституциялык мыйзамда “кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон жаран кайра шайлоого катыша албайт” деген жобо бар. Экинчи, моралдык да жагы бар. 130 миңге жакын шайлоочу убара болгонун да караш керек”, - деген Бекматов.

Абиров 24-июлда Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде суроолорго жооп берип жатып Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышууну ойлонуп жатканын айткан.

Аталган округдан депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган. Бул округда кайра шайлоо 28-майда өткөн.

Боршайком бирок добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген.

Учурда Абировду кошкондо кайра шайлоого катышуу үчүн 10 адам арыз берди. Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылы 28-ноябрда өткөн.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG