Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Ереван Лачын коридоруна кирүү жөнүндөгү суроосуна Москва жооп бербей жатканын билдирди


Лачын коридорундагы азери өткөрмө бекетинин жанында токтоп турган армениялык автокербен. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун армян кызматы тарткан видеодон алынган кадр. 27-июль, 2023-жыл.
Лачын коридорундагы азери өткөрмө бекетинин жанында токтоп турган армениялык автокербен. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун армян кызматы тарткан видеодон алынган кадр. 27-июль, 2023-жыл.

Тоолуу Карабакка багыт алган 19 жүк ташуучу машинеден турган автокербенди Азербайжан бийлиги эки күндөн бери Лачын коридорунан өткөрбөй жатат.

Еревандын айтымында, машинелерге гуманитардык жардам жүктөлгөн.

Армениянын өкмөтү 25-июлда Тоолуу Карабакка 360 тонна ун, өсүмдүк майы, шекер жана башка эң керектүү азык-түлүктү жеткирүү аракетин көрө турганын билдирген. Армян аткаминерлери орусиялык бейпил күчтөрү кербенди коштоп барарына үмүт артышкан.

Тоолуу Карабактагы жикчилдердин өкүлү Вардан Саргсян 27-июлдун кечинде маалымат каражаттарына билдиргендей, эч кандай прогресс жетишилбегенин жана орус тарап азырынча алардын суроосуна жооп бере электигин жазды.

26-июлда кечкисиин Лачын коридорундагы өткөрмө бекетке 19 жүк ташуучу автоунаа барганда, аларды азери аскерлери өткөрбөй койгон.

Азербайжандын тышкы иштер министрлиги автокербенди "чагым", өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү аракети деп айыптады. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Ереван алардын өлкөсүнө болгон "аймактык дооматтан баш тартуусу зарыл" экенин билдирген.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян: "Биз Тоолуу Карабактагы армяндар туш болгон кырдаалга көз жуумп коё албайбыз", - деп Твиттерге жазды.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымга созулган өткөөл. 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында бул жерге Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрү жайгашкан.

2023-жылдын 23-апрелинен Лачынга Азербайжан көзөмөл-өткөрмө бекетин жайгаштырган. Коридор 15-июндан баштап жабылганы тууралуу кабарланган.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей жергиликтүү армяндар отурукташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG