Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Мальдив аралында эс алган украин депутаты мандатынан ажырады


Жогорку Раданын мурдагы депутаты Юрий Аристов.
Жогорку Раданын мурдагы депутаты Юрий Аристов.

Украин парламенти Мальдив аралдарында эс алганы аныкталган депутатты мандаттан ажыратты.

27-июлда мындай чечимге Жогорку Раданын 320 эл өкүлү "макул" деп добуш берди. Украинада согушка байланыштуу армия курагындагы эркектерге жана аткаминерлерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

48 жаштагы Юрий Аристов Жогорку Радага бийликтеги "Эл кызматкери" партиясынан шайланган. Ал Улуттук коопсуздук, коргонуу жана чалгын комитетинин жетекчисинин орун басары болчу. Украинанын атайын кызматтары Аристов өлкөдө 5-июндан 22-июлга чейин болбогонун аныкташкан.

Депутат Мальдивде эс алганы тууралуу маалымат 24-июлдун кечинде маалымат каражаттарына жарыяланган. Эртеси күнү ал мандатын тапшыруу арызын жазган.

Өлкөдөн мыйзамсыз чыкканы үчүн Аристовго кылмыш иши козголуп, батиринде тинтүү жүрдү. Украин атайын кызматы анын Мальдивге кирип чыкканын далилдеген мөөр коюлган паспортунун сүрөттөрүн жарыялады. Мурдагы депутат үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG