Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Путин украин армиясы түштүктө чабуулдарын күчөткөнүн айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы Орусия-Африка саммиттинде сүйлөп жатат. Павел Бедняковдун сүрөтү/Пул/АФП агенттиги. 27-июль, 2023-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы Орусия-Африка саммиттинде сүйлөп жатат. Павел Бедняковдун сүрөтү/Пул/АФП агенттиги. 27-июль, 2023-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июлда Украинанын түштүгүндөгү Запорожье облусунда кагылышуулар күчөгөнүн ырастады.

Бирок ал украин аскерлери ийгиликке жете албай жатканын кошумчалады. Путин Санкт-Петербургда өтүп жаткан Орусия-Африка саммитинин алкагында сүйлөп жатып, орус аскерлеринин аракеттерин "баатырлык" деп атап, украин армиясы бир топ материалдык жана адамдык жоготууларга учураганын айтты.

Орус президентинин айткандарын көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Украин бийлиги түштүктөгү контрчабуул тууралуу кеңири маалымат берген жок. Коргоо министринин орун басары Анна Маляр армия Запорожье облусундагы Мелитополь шаарын көздөй багыт алганын билдирди.

Буга чейин бир катар батыш басылмалары, анын ичинде The New York Times басылмасы Пентагондогу эки булагына таянып, украин армиясы өлкө түштүгүндө контрчабуулдун негизги баскычына өткөнүн жазган.

Маалыматка караганда, Украинанын түштүк-чыгышындагы контрчабуулга атайын машыгуудан өткөн аскерлер жана батыш техникасы тартылган. Алардын көбү буга чейин резервде кармалып турган.

Запорожье облусунун айрым бөлүктөрүн Москва Украинага кол салгандан бир нече күндөн кийин, 2022-жылдын мартында өз карамагына алган. Былтыр октябрь айында мыйзамсыз аннексиялап алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG