Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Жеңиш чокусуна чыккан альпинисттердин тагдыры белгисиз болууда


Жеңиш чокусу. Архивдик сүрөт.
Жеңиш чокусу. Архивдик сүрөт.

Орусиялык альпинисттер Дмитрий Павленко жана анын жубайы Светлана Великанова литвалык жана орусиялык эки альпинист менен бирге 13-июлда Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыккан бойдон кайта элек. Алар менен соңку байланыш 19-июлда болгон.

Бул жөнүндө "Ак-Сай Трэвел" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Эверест чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык спорт чебери Дмитрий Греков "Азаттыкка" билдирди.

Альпинисттин айтымында, дайынсыз болуп жаткан топту издеп, эки жолу тик учак барганынан майнап чыккан эмес.

"Бул тоолордогу аба ырайынын шартынан улам издөө иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес. ӨКМдин да мындай бийиктикте иш алып бара ала турган адистери жок. Алардын табылып калуу ыктымалдыгы да аз", - деди Греков.

Ал эми казакстандык альпинист Ярослав Сабырбаев "Азаттыкка" "бул команданын курамында болуп, бирок белгилүү себептерден улам чокуга чыкпай калганын" билдирди. Ал дайынсыз болуп жаткан топ менен байланышта болуп, аба ырайы жөнүндө маалымат берип турган.

Сабырбаев Mountain.ru сайтына топ 19-июль күнү артка кайтканын, 7200 метр бийиктикти көрсөтүп жаткан трекери дароо 6579 метрди көрсөтүп калганын айтып берди. Мындан кийин алар менен байланышуу мүмкүн болгон эмес.

Орусиялык Дмитрий Павленко жана анын жубайы Светлана Великанова бир канча жылдан бери Кыргызстанда жашап келген.

Светлана менен Дмитрий былтыр 24-майда Чүй облусунун аймагындагы Путин чокусуна Украинанын желегин орноткон видеосун жарыялагандан кийин милицияга чакырылганын "Азатыкка" билдиришкен.

Алар Кыргызстандагы жашоосу, тоолорго болгон сүйүүсү жөнүндө "Азаттык+" программасында ой бөлүшкөн.

Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан. Бийиктиги 7439 метр.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG