Кыргызгидромет кабарлагандай, 28-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 29…34;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 20…25, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу райондордо 0…5, күндүз 8…13° болот.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 30…32 болот.
Facebook шеринеси