Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Нигерде аскердик төңкөрүш аракети болду


Нигер аскерлери. Иллюстрация.
Нигер аскерлери. Иллюстрация.

Нигер мамлекетинде Президенттик гвардия 26-июлда аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылды.

Эл аралык маалымат агенттиктери жазгандай, аскердик бөлүктөр борбор Ниамейдеги өкмөттүк кварталды тосуп, президенттик сарайга баруучу жолдорду жана айрым министрликтердин имараттарын бөгөттөштү. Президенттик гвардия баштаган төңкөрүштү өлкөнүн армиясы колдогон жок.

Reuters агенттигинин кабарчысы шаарда абал туруктуу экенин билдирди. Президент Мухаммед Базум жана анын үй-бүлөсү аман экени кабарланды. Мамлекет башчысы эгер козголоңчулар артка кайтпаса, армия аларга күч колдонорун айтты.

Төңкөрүш жасоого бийликтин Президенттик гвардиянын башчысы, генерал Умар Чианини иштен алуу ниети себеп болушу мүмкүндүгү божомолдонууда.

Бул Мухаммад Базум бийликте турган кездеги экинчи жолку төңкөрүш аракети. 2021-жылдын мартында аскер бөлүктөрүнүн бири президенттик сарайды басып алууну көздөгөн. Окуя Базумдун ант берүү аземине бир нече күн калганда болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG