Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Прокуратура органдарынан тергөө укугу алынды


Башкы прокуратура. Иллюстрациялык сүрөт.
Башкы прокуратура. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке кол койду. Аны Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугу алынып, ал Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) берилди.

Аскер кызматкерлерине тиешелүү тергөөнү Аскер прокуратурасы жүргүзөт. Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.

Президенттик администрациянын прокуратурадан тергөө укугун алууну сунуштаган мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлган. Анда долбоор прокуратура органдарында тергөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмактуулукту камсыз кылуу үчүн даярдалганы жазылган.

2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип, анда Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG