Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Мал аткезчилиги: чек арачыларга каршылык көрсөткөн беш адам камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чек ара кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда мал аткезчилиги менен алектенгендерди кармоо учурунда алар каршылык көрсөткөнүн билдирди.

Ага ылайык, 24-июлда аталган райондо кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесинен бодо мал айдап өтүүгө аракет кылган адамдардын тобу аныкталган. Кармоо учурунда чек арачыларга каршылык көрсөткөн.

"Алардын мыйзамсыз аракеттерин токтотуу үчүн чек ара күзөтчүлөрү эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бирок аткезчилер жаалданып, бийлик өкүлдөрүнө кол салууга аракет кылган. Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук комитетинин облустук башкармалыгы бул фактыга байланыштуу "экономикалык аткезчилик", "чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук же аларга коркунуч жаратуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бул кылмышка тиешеси бар деп шек саналган беш адам кармалды", - деп жазылган маалыматт.

Ушул жылдын май айында Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки кызматкери жана аймактагы чек ара тозотторунун үч командири контрабанданы уюштурган жана көмөктөшкөн деген шек менен кармалган. Атайын кызмат аймакта уурдалган малды Өзбекстанга айдап өтүү көбөйгөнүнөн улам текшерүү жүргүзүлгөнү, анда камалган адамдардын буга катыштыгы болгонун маалымдаган.

Кыргыз-өзбек жана кыргыз-казак чек арасында мыйзамсыз бодо мал айдап өткөн, өтүүгө аракет кылган учурлар буга чейин дагы катталган.

Чек арадагы контрабанданын айынан ок атылган, адам өлүмү менен аяктаган учурлар орун алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG