Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Алматы аэропортунан кармалган Аблязовдун агасы үй камагына алынды


Алматы аэропорту. 5-ноябрь, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Алматы аэропорту. 5-ноябрь, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын бийлиги БТА банктын каражаттарын "уурдоого шектелген" Куаныш Нургазиндин чет жактан кайтканын жарыялады. Ал бозгундагы мурдагы банкир Мухтар Аблязовдун агасы жана жакын санаалашы.

Бийлик тараткан маалыматка караганда, соңку он эки жылдан бери Нургазин Литванын аймагында жашап келген. Ал жактан качкын макамын алган.

Прокуратура билдиргендей, Нургазин 24-июлда Алматы аэропортунда кармалган. 25-июлда анын жашын жана саламаттыгын эске алуу менен сот үй камагына алуу чечимин чыгарды.

Маалыматка ылайык, Нургазин Казакстанга өз ыктыяры менен келген. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, ал Аблязовго караштуу BSC компаниясынын директору катары көрсөтүлгөн. Тергөөнүн версиясына караганда, дал ушул компания аркылуу БТА банктан өтө ири көлөмдөгү каражат уурдалган.

БТА банктын каражаттарын уурдоо боюнча кылмыш иши 2009-жылы, аталган каржы институту улутташтырылган соң башталган. Ал кезде БТА банк активдердин көлөмү боюнча өлкөдөгү эң ири банк катары саналган. Казак бийлиги ошол кезде банктагы ири махинациялар, каражаттын мыйзамсыз чыгарылышы жана күмөндүү долбоорлорго берилген миллиондогон насыялар тууралуу билдирген. Улутташтыруудан кийин банк бир нече жолу реструктуризацияланып, активдеринин жарымы "Казкоммерцбанкка" өткөрүлүп берилген.

2009-жылдын февраль айында банктын жетекчилери, анын ичинде Мухтар Аблязов сыртка чыгып кеткен. Өлкөдө калган БТАнын ондогон башка менежерлерине кылмыш иши козголуп, 2009-2012-жылдары соттун чечими менен ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG