Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Кыргыз-тажик чек арасы: талаштуу тилкелер талкууда


Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архивдик сүрөт.
Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архивдик сүрөт.

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн чек араны тактоо боюнча жумушчу топторунун жолугушуусу башталды. Маалыматка караганда, ушу тапта тактоо иштери эң оор тилкелер боюнча жүрүп жатат.

Ал арада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Дүйшөмбүгө барып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен чек ара маселесин талкуулап келгени тууралуу маалыматтар чыкты.

Атайын кызмат да, Камчыбек Ташиев өзү да аны ырастап же четке кага элек.

Жумушчу топтордун жолугушуусу

Баткенде 4-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу башталды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, жолугушуу 9-июлга чейин созулат.

“Чек ара маселеси тез эле чечилип калбайт. Талашып-тартышып отуруп, анан бир макулдашууга келебиз. Анын үстүнө азыр өтө оор жерлер калган. Ошондуктан бири-бирибизге далилдерди келтирип, ошонун негизинде орток пикир табылып чечилет. Экинчи тарап биринчиси айтканына дароо эле макул боло бербейт да”, - деди Назирбек Бөрүбаев.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу. Дүйшөмбү шаары, Тажикстан. Июнь айы.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу. Дүйшөмбү шаары, Тажикстан. Июнь айы.

Ал жумушчу топтор кайсы оор тилкелерди талкуулап жатканын тактаган жок.

Эки өлкөнүн жумушчу топтору акыркы жолу 5-11-июнда Дүйшөмбүдө жолугушкан. Адатта мындай сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында протоколго кол коюлганы, жолугушуу “достук жана өз ара түшүнүшүү менен өткөнү” тууралуу гана маалымат берилет.

Чек ара маселеси боюнча жолугушуу башталардан бир күн мурда – 3-июлда кыргызстандык айрым маалымат каражаттары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Дүйшөмбү шаарына барып Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен чек ара маселесин талкуулап келгенин жазып чыгышты.

Бирок бул маалыматты атайын кызмат менен Камчыбек Ташиев тактай элек. Тажикстандын президентинин сайты жана тажикстандык жалпыга маалымдоо каражаттары да бул тууралуу эч нерсе чыгарган жок.

Назирбек Бөрүбаев сөз болуп жаткан маалымат боюнча кабары жок экенин, сайттарга чыккан гана жаңылыктарды окуганын айтты.

Кыргызстандын позициясы

Кыргыз-тажик чек арасын акыркы жолу быйыл 2-июнда президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Чолпон-Ата шаарында жолукканда талкуулаган. Жолугушууда бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү маанилүү экени айтылган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бул жолугушууда Садыр Жапаров чек ара маселесин чечүү боюнча сунуш бергенин билдирген. Бул тууралуу 14-июнда “Биринчи радиодогу” маегинде айтып, ал кандай сунуш экенин ачык айткан жок.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

“Президент (Садыр Жапаров) чек ара боюнча өзүнүн пикирин айтты. Бизде саясий эрк бар. Кыргызстандын Тажикстанга жана башка кошуна мамлекеттерге аймактык дооматы жок. Ошондуктан бизге жеңил болгондуктан “кел, чек араны чечели” деп айтып атабыз. Советтер Союзу ураганда Алматы декларациясы кабыл алынган. Ошондо Советтер Союзундагы административдик чек аранын баары тең мамлекеттик чек арага айланган. Ошону менен иштешибиз керек. Ал эми ага чейинкилер тарых боюнча калышы керек”.

Садыр Жапаров 17-апрелде “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген интервьюсунда Тажикстан менен чек араны чечүү жай жүрүп жатканын айтып, аны мындай түшүндүргөн.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Тажикстан менен чек ара маселесинде жылыштар бар, жок эмес. Бирок өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатып эле айрым тилкелерге келгенде "бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели" деген сунуштарын киргизе салып жатат. Ошон үчүн маселе токтоп калууда. Чындыгында 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек. Эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечебиз десек, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгып, бардык чек ара тилкелерин 1924-жылкы карта менен чечишибиз керек. Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз”.

1958-1959-жылдарда кыргыз-тажик чек арасы боюнча кайрадан тактоо иштери жүргөн. Анын негизинде чечим кабыл алынып, ал документ Советтер Союзу тарагандан кийин Алматы, Минск шаарларындагы жолугушууда мамлекет башчылары кол койгон декларацияларга ылайык тастыкталган. Кыргыз тарап чек араны 1958-жылдагы карта менен такташ керек деп эсептейт.

Президент Садыр Жапаров 19-майда Кытайдын Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинде да чек ара көйгөйүн көтөрүп, Кыргызстан үч коңшусу – Кытай, Казакстан, Өзбекстан менен чек арасын толук тактаганын, Тажикстан менен да чечүүгө даяр экенин кайталаган.

Жергиликтүүлөрдүн үмүтү

Баткенде 2021-2022-жылдары ондогон адамдардын өмүрүн алган куралдуу кагылышуудан бери жергиликтүү тургундар кооптонуу менен күн кечирип келет. Кулунду айылынын тургуну Абалбек Каландаров “Азаттык” радиосуна мындай деди:

“Эл башка эч нерсени ойлобой эле чек ара тезирээк чечилсе экен деп күтүп калды. Катары менен эки-үч жолу чыр чыгып кеткендиктен эл чочулап документин баштыкка салып даярдап, чыр башталып кетсе качып чыгалы деп эле отурат. Же эч кандай маалымат жок. Же силер радио, телевидениеден эмне болуп жатканын айтпайсыңар. Эл ушундай эле жашап атат. Жалпысынан абал туруктуу. Айылдагылар жыйым-терим менен алек. Ошого алаксып атышат. Бирок курулуш иштери толук токтогон. Мисалы, мен маселе толук чечилсе, анан үй салам деп отурам. Болбосо жаңы салынган бир топ үй кийинки чек ара чырында күйүп кетти”.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Алсак, 2021-2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу эки өлкөнүн тарыхындагы эң кандуу жаңжал болуп калды.

  • 2021-жылы 28-30-апрель күндөрү куралдуу жаңжал "Головной" деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайда тутанган. 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Миңдеген киши үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлгөн. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29-июнда коомчулуктагы сын-пикирлерге карабай Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын президент Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин чечүүгө аракет кылган.
  • 2022-жылы 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасынын бардык параметрлеринде ок атылып, масштабдуу кармаш тутанган. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чектеш тилкеде дагы ок атылган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул ири масштабдуу жаңжалды "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айыпты койгон. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылган, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындаган. Чек аралаш айылдардан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашкан. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялаган, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоого мүмкүн эмес болгон.
  • Эки тараптан тең каза болгондор арасында балдар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG