Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

УКМК Кутманова коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди


Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалганын билдирди.

Ал аталган министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда "башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталды" деп маалымдады.

"Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин, коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды. Динара Кутманова министр болуп турганда жогорку бийлик арткан ишенимге карай өзүнүн жеке амбициясын, жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган. Үч жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону бул министрликтеги муктаждыктар үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген", - деп жазылган маалыматта.

УКМКнын ырасташынча, жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында тогуз адамга айып тагылган, алардын ичинен Кутманованын уулуна эл аралык издөө жарыяланган жана Түркияда кармалып, депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

Кутманова атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Ал буга чейин айтылган дооматтардын баарын четке каккан.

20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кутманова Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Мындан көп өтпөй атайын кызмат Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирген. ИИМ Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов 27-июндан бери эл аралык издөөдө болгонун, Түркиядан департациялоо борборунда кармалып турганын, мекенине алып келүү маселелери чечилип жатканын билдирген.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. Ага чейин 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Ал министр болуп турганда Бишкектеги жана бир катар шаардагы абанын булганышына байланыштуу ага сын-доомат көбөйгөн. 2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда аталган министрликке "төмөн" деген баа берилген.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG