Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Ооганстанда нөшөрлүү жаандан кийин каза тапкандар 40ка жакындады


"Талибан" бийлиги Ооганстанда акыркы үч күндө нөшөрлөп жааган жамгырдан кеминде 38 адам каза болуп, 60ка жакыны жараат алганын билдирди.

Талибдердин өкмөтүнүн өкүлү Шафиула Рахими "Азаттыктын" ооган кызматына кабарлагандай, жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери жана кеминде 900 үй зыян тартты.

Курман болгондордун көбү Майдан Вардак провинциясында. "Талибан" бийлиги Кабул жана Гильмендде да сел коркунучу бар экенин эскертти.

"Азаттыктын" ооган кызматы жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап, айрым кишилерди сел агызып кеткенин, алар табылбай жатканын жазды.

Ушул күндөрү нөшөрлүү жаандан улам жаралган кооптуу кырдаалга байланыштуу Индиянын бир катар аймактарынан да тургундар эвакуацияланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG