Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Иранда согушкерлер төрт полиция кызматкерин атып өлтүрдү


Ирандын полиция кызматкери.
Ирандын полиция кызматкери.

Иранда согушкерлер жол тартибин караган төрт полиция кызматкерин атып өлтүрдү. Мамлекеттик маалымат караажаттары жазгандай, окуя 23-июлда баш калаа Тегерандан 1200 чакырым алыста, Систан-Белужистан аймагында жолдо болду.

Бийлик полиция кызматкерлери террорчулардын чабуулуна кабылганын билдирди.

Tasnim агенттиги Захедан шаарындагы "террордук" кол салуудан кеминде төрт жол полиция кызматкери набыт болгонун жазды.

Пакистан жана Ооганстан менен чектешкен Систан-Белужистан провинциясынын борбору Захедан - Ирандын эң жакыр шаарларынын бири жана маңзат аткезчилигинин очогу катары да бааланат.

Кылмышкерлер ким экени жана алардын максаты тууралуу маалымат жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG