Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Тажикстанда электр энергиясынын экспорту азайды


Иллюстрация
Иллюстрация

Тажикстанда электр энергиясын экспорттоо былтыркыга салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу президентке караштуу Статистика агенттиги билдирди.

2023-жылдын алты айында электр энергиясын экспорттоодон түшкөн жалпы сумма 43,2 миллион долларды түздү. Бул былтыркы ушул мезгилден 1,4 миллион долларга аз экенин "Озоди" радиосу кабарлады. Экспорттун азайышынын чоо-жайы так эмес.

Түзүлгөн келишимдерге ылайык, Тажикстан Ооганстанга жыл бою, ал эми Өзбекстанга жазында жана жайында электр энергиясын берип турат.

Тажикстанда электр энергиясын чет өлкөгө экспорттоо ар дайым талаштуу маселелердин бири болуп келген. Айрым жарандар биринчи кезекте элге жылуулук, жарык берүү керектигин белгилешет. Бийлик сыртка ашыкча электр энергиясы гана сатылып жатканын айтат.

Маалымат каражаттары ушул күндөрү Тажикстандын аймактарында жарык тез-тез өчүрүлүп жатканын жазышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG