Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:54

Орус армиясынын Одессага чабуулунда киши өмүрү кыйылды, 19у жаракат алды


Жекшембиге караган түнү орус армиясы Украинанын Одесса шаарына сокку урду. Натыйжада бир адам каза таап, 19у жарадар болгонун облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер өзүнүн Телеграм каналына жазды.

"Таңкы саат 5ке карата 19 киши жарадар болду, анын төртөө балдар. Шаардын ооруканаларына 14 киши жеткирилди. Анын үчөө балдар. Урандыларды тазалап, өрт өчүрүү иши уланууда. Тиешелүү кызматтар жеринде иштеп жатат", - деп жазды ал.

Чабуулдан Спасо-Преображенский чиркөөсү да жабыркаган. 18-кылымга таандык чиркөө совет бийлиги учурунда талкаланып, кийин кайра калыбына келтирилген, ЮНЕСКОнун коргоосунда.

"Свобода" радиосу алгачкы жардыруулар жөнүндө маалымат түнкү саат 01.00 чамасында келип түшө баштаганын, шаар бийлиги тургундарды баш калкалоочу жайларда болууга жана социалдык тармактарга сүрөт жүктөбөөгө чакырганын жазды. Орусия бул чабуул боюнча комментарий бере элек.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG