Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Крымда ок-дары сакталган кампада өрт чыкты


Аннексияланган Крымдагы өрт. Архивдик сүрөт. 3-май, 2023-жыл.
Аннексияланган Крымдагы өрт. Архивдик сүрөт. 3-май, 2023-жыл.

Орусия аннексиялап алган Крымдагы Красногвардейск районунда ок-дары сакталган кампага учкучсуз учактар чабуул койгону айтылууда.

Бир катар Телеграм-каналдарда түтөп күйүп жана жарылуунун үнү чыгып жаткан жердин видеолору жарыяланууда. Алдын ала маалыматта ал Октябрь кыштагындагы аскердик аэродром. Андан тышкары мунай базасы да өрттөнүп жатат. Октябрь - Крымдын борбордук бөлүгү деп саналат.

Орусия тарабынан дайындалган Крымдын башчысы Сергей Аксенов украиналык учкучсуз учак ок-дары сакталган кампага сокку урганын билдирди.

Анын айтымында, детонация болгон, "ал эми алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок".

Беш чакырым радиустагы калк эвакуация болуп, Крым темир жолунда кыймыл токтотулду.

Украин армиясы Крымга учкучсуз учак чабуул жасаганы тууралуу маалыматка комментарий бере элек.

Буга чейин, 19-июлда Крым жарым аралындагы Киров районунда орус армиясынын ок-дары сактаган кампасы өрттөнүп, аймакка жакын төрт конуштан эки миңдей адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Айрым маалыматтарга караганда, кампага ракета же дрон менен чабуул жасалган болушу мүмкүн экени кабарланган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында басып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG