Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

УКМК Кутмановага байланыштуу алтоо камалганын, жакында өзү боюнча тергөө иштери жүрөрүн билдирди


Динара Кутманова. Архивдик сүрөт.
Динара Кутманова. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн 22-июлда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен ага караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү сегиз адам аныкталды, алардын алтоо УКМКнын тергөө абагына камалды, башка шектүүлөр боюнча да иш жүрүүдө жана жакын арада мурдагы министр Динара Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалууда.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, “Кумтөр” ишканасынан жаратылышты жана экологияны коргоого бөлүнгөн акчага каржылануучу 110 долбоордун 22си текшерилип, көбү өз максатына туура келбей турганы, кээ бирлери бюджеттик акчаны чыгарып кетүүгө шылтоо гана болгону аныкталды.

УКМК Кутманованын уулу министрликтин жана фонддун ишине кийлигишкенин, ал долбоорлорду каржылоо суммасынан 10% акчаны өзүнө алып турганын, бул үй-бүлөгө байланыштуу жалпысынан 62,5 миллион сомдук жемкорлук иликтенип жатканын маалымдады.

Кутманова атайын кызматтын дооматтарын четке кагууда. 22-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ал Таластагы Андаш алтын кенин мамлекеттен тартып алуу боюнча көрүлгөн аракеттерге каршы турганы үчүн жана өлкө жетекчилигине ал жөнүндө туура эмес маалымат жеткирилгени үчүн ушундай абал түзүлгөнүн айтып берди:

“Жалган сөздөр көп болуп, чаташтырып жатышат. Камчыбек Кыдыршаевичке, балким, кол астында иштегендер туура эмес маалымат берип жатышат. Объективдүү карап териштирсе баары ордунда экени чыгат. Долбоорлордун баары башталган, бүтө элек".

Айрым маалымат булактары Кутманованын уулуна издөө жарыяланганын кабарлашты.

Экс-министр бул боюнча кабары жок экенин, бирок өткөн айдын соңунда анын уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп кое беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылса алигүнчө жооп болбой жатканын айтты.

Ал эми уулу тууралуу айыптоолорду Кутманова курулай сөз деп атап “Менин балам коррупцияга аралашкан эмес” деп билдирди.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган.

20-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбайт деп эскерткен жана буга байланыштуу Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Кутманова Ташиевдин дооматтарын четке кагып, ал тууралуу бийлик жетекчилерине бир жактуу, туура эмес маалымат жеткирилип жатканын айткан.

Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директорун УКМК жемкорлукка байланыштуу быйыл июнь айында кармаган. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG