Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Орус армиясы Харьков облусундагы айылга сокку урду


Баш калкалоочу жайды көрсөткөн белги.
Баш калкалоочу жайды көрсөткөн белги.

Орус армиясы 20-июлда түштөн кийин Украинанын Харьков облусунун Петровка айылына чабуул жасаганда, эки адам жарадар болгонун аймактык аскер администрациясы билдирди.

Сокку түштөн кийин саат 15:10до артиллериялык куралдан жасалды. Андан эки кабаттуу турак жай жана административдик имарат зыян тартты.

Кечке жуук Украинада жапырт аба коогалаңы жарыяланып, бийлик элди баш калкалоочу жайларда болууга үндөдү.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү Орусиянын Нижний Новгород облусундагы аэродромдон МиГ-31К кыйраткычы учурулганын билдирди.

20-июлга караган түнү Одесса жана Николаев облустарына чабуул жасалганда бир адам каза болуп, 20 киши, анын ичинде беш бала жараат алган. Бир канча турак-жай жана имараттар зыян тарткан. Москва буга комментарий бере элек.

Ушул түнү аннексияланган Крымга украин күчтөрү дрондор менен чабуул койгонун, андан бир секелек каза тапканын аймактын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксёнов билдирди.

Согуш маалындагы маалыматтарды бейтарап булактардан дароо тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG