Нью-Йорктун Бруклин районундагы атышууда теги өзбекстандык 15 жаштагы Фаридун Мавлонов каза тапты. The New York Times басылмасы окуя 17-июлда болгонун жазды.
Полициянын маалыматына караганда, атышуу болордон эки саат мурда мектеп окуучулары эки топко бөлүнүп, пикир келишпөөчүлүк чыккан. Жаңжал сыртта уланып, 17 жаштагы өспүрүм тапанча менен аткылай баштаган. Ок Фаридунга тийип, ооруканада көз жумган.
Басылма маркумдун үй-бүлөсү 12 жыл мурун Өзбекстандан АКШга көчүп барганын, атасы чачтарач болуп иштеп жүргөнүн жазды. Фаридун Мавлонов New Utrecht мектебинде окуган.
Полиция Нью-Йоркто жаштар арасында 2020-жылдан бери зомбулук жана кылмыш күчөгөнүн билдирген. Быйыл алты айда эле түрдүү куралдардан 62 бала жараат алды.
Facebook шеринеси