Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:35

Орусия Одессага дагы чабуул жасады, Николаевде 18 адам жараат алды


Орусиянын армиясы Одессаны үчүнчү түнү катары менен аткылады.
Орусиянын армиясы Одессаны үчүнчү түнү катары менен аткылады.

Орусиянын армиясы Одессаны үчүнчү түнү катары менен, 20-июлга караган түнү дагы дрондон аткылады. Украинанын мониторинг каналдары катуу жарылуулар болгонун жазышты.

Өлкөнүн аба күчтөрү Орусия жогорку тактыктагы "Оникс" ракеталарын колдонгонун билдирди. Айрым бир маалыматтарга караганда, чабуулда эки адам жараат алды.

Бул түнү дагы Украинанын башка аймактарына чабуул болду. Чернигов, Сумы жана Харьков облустарында, Херсондун түштүгүндө жана Николаевде абадан эскертүү берилди.

Николаев облусунун башчысы Виталий Ким орус армиясынын соңку соккусунан үч кабатуу үй жана гараж күйүп жатканын билдирди. Чабуулда 18 адам жараат алганын, бешөө ооруканага жаткырылганын, алардын арасында балдар бар экенин билдирди.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG