Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

"Вагнердин" жетекчилери Беларуста убактылуу каларын билдиришти


"Вагнерчилердин" Беларустагы машыгуусу деп айтылган видеодон алынган сүрөт.
"Вагнерчилердин" Беларустагы машыгуусу деп айтылган видеодон алынган сүрөт.

"Вагнер" жалданма аскер уюмунун жетекчилери Евгений Пригожин менен Дмитрий Уткин билдирүү жарыялап, "вагнерчилер" Беларуста убактылуу каларын, кийин Африкага, балким, Украинадагы фронтко кайтарын айтышты.

Уюмга таандык экени айтылган Телеграм каналдарга 19-июлда чыккан тасма Беларуста тартылган болушу мүмкүндүгүн, бирок качан тартылганы анык эместигин "Свобода" радиосу жазды.

Тасмада Пригожин Орусиянын командачылыгынын Украинадагы аракеттерин дагы бир ирет сынга алып, "Азыр фронттогу жагдай - уят, ага катышуунун кереги жок" деди.

Мурдараак Беларуска "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын кеминде эки миңдей жалданма жоокери келгенин "Беларускі Гаюн" мониторинг долбоору маалымдаган.

Анын алдында "Азаттыктын" беларус кызматы спутниктен алынган сүрөттөргө таянып Цель деп аталган кыштактын жанында кароосуз калган аскер бөлүктө чатырлар тигилип жатканын жазган.

Былтыртан бери Украинада согушуп жаткан "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин соңку кездери орус армиясынын жетекчилигин көп сындап жүргөн. 24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтууну чечкенин жарыялаган.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Пригожин өзү дагы Беларуска кеткени маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG