Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

АКШ Түндүк Кореяга качкан жоокердин камалганын божомолдоп жатат


Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы коопсуздук зонасын көзөмөлдөгөн жер.
Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы коопсуздук зонасын көзөмөлдөгөн жер.

Түштүк Кореядан Түндүк Кореяга качып өткөн америкалык аскер кармалган болушу ыктымалдыгы айтылууда. АКШ жаранынын чек арадан өткөнүн эки Кореянын ортосундагы коопсуздук зонасын көзөмөлдөгөн БУУнун командачылыгы тастыктады.

Кармалган адам - катардагы жоокер Травис Кинг. Ал Түштүк Кореяда кызмат өтөгөн жана дисциплинардык жазаларга байланыштуу убактылуу кармоо абагында болгон. Болжол менен бир жума мурун ал бошотулуп, АКШга кайтып келүүнү пландаган.

Аскер кызматкери аэропортто коопсуз тилкеден өткөндөн кийин кандайдыр бир жол аркылуу Түндүк Корея менен чектеш аймакка экскурсияга бараткан топко кошулган. Окуяга күбө болгондордун биринин айтымында, жоокер күлгөн бойдон Түндүк Корея тарапты көздөй качып кеткен. Топтун мүчөлөрү адегенде муну тамаша деп кабыл алышкан.

Пентагон жоокер Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын чек арасынан “атайылап жана уруксатсыз” өткөнүн ырастады. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин кырдаал кылдаттык менен иликтенип жатканын айтты.

БУУнун командачылыгы бул окуяны жөнгө салуу үчүн Түндүк Корея армиясы менен сүйлөшүп жатканын билдирди.

Окуянын чоо-жайы такталууда.

  • Түштүк Корея менен Түндүк Корея техникалык жактан согуш абалында кала берүүдө. Корей согушундагы аракеттер 1953-жылы толук эмес тынчтык келишими менен аяктаган. Андан бери АКШ Түштүк Кореяда чоң аскерий позициясын сактап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG