Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Түштүк Африканын президенти Путинди камоо "согуш жарыялоого тете" деп айтты


Түштүк Африка республикасынын президенти Сирил Рамафоза жана Орусиянын лидери Владимир Путин Орусия-Африка саммитинин алкагында жолугушкан учур. 23-октябрь, 2019-жыл. Москва.
Түштүк Африка республикасынын президенти Сирил Рамафоза жана Орусиянын лидери Владимир Путин Орусия-Африка саммитинин алкагында жолугушкан учур. 23-октябрь, 2019-жыл. Москва.

Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса эгерде орус президенти кийинки айда Йоханнесбургда өтө турган БРИКС уюмунун саммитине катышкан учурда камалса, бул Орусияга каршы согуш жарыялоого барабар кадам болорун айтты.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди "Украинадагы согуштан улам" кармоого 17-мартта ордер чыгарган. Түштүк Африка Республикасы Эл аралык кылмыш сотунун чечимдерин аткарууга милдеттендирген Рим статутуна кол койгон өлкөлөрдүн катарына кирет.

Түштүк Африкадагы оппозиячыл Демократиялык алянс партиясы өкмөттү Путинди кармоого мажбурлоо үчүн сотко кайрылды. Рамафоса бул кадамды "жоопкерчиликсиз" деп атап, Москва Путинди кармоо "согуш жарыялоого барабар экенин" так түшүндүргөнүн айтты.

Буга чейин Түштүк Африка Республикасынын бийлиги Путиндин ордуна саммитке тышкы иштер министри Сергей Лавров катышсын деген өтүнүч келтирип, Кремлден терс жооп алган.

Андан тышкары расмий Йоханнесбург быйылкы саммитти Кытайда өткөрүү сунушун киргизсе, ага Индия менен Бразилия макул болбой коюшкан.

БРИКС уюмуна беш өлкө кирет. Алар: Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG