Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Ысык-Көлдүн жээгине лагерь ачкан орусиялыктарга айып пул салынды


Мыйзамсыз лагерь тууралуу тасмадан коллаж.
Мыйзамсыз лагерь тууралуу тасмадан коллаж.

Орусиялык жарандардын Чолпон-Ата шаарында көл жээгине мыйзамсыз куруп алган лагеринин ишине экологиялык талаптарды бузганы үчүн бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, орусиялык жарандар уруксат берилбеген жерде бир нече чатырдан лагерь курушкан.

"Алар чычырканактарды кыйып, чатырларды орнотушкан. Көл жээгине чукул жерлерди казып, даараткана курушкан. Жээкте от жагып, таштандыларды туш келди ыргытышкан. Алар отурукташкан жер атайын экологиялык көзөмөлгө алынган аймак болчу. Ошондуктан мен өзүм барып, башка дагы көзөмөлдөөчү органдардын жетекчилеринин катышуусунда лагерди буздурдук. Мыйзамсыз аракеттери үчүн орусиялыктарга айып пул салынды. Учурда аларга суу жээгин ижарага берген ишкер менен келишимди бузуу маселеси каралып жатат".


Көл жээгиндеги экологиялык талаптарды бузуп, жаратылышка зыян келтиргени үчүн орусиялык жарандарга 5-15 миң сомго чейин айып пул салынган.

Акимдин сөзүнө караганда алардын балдары социалдык тармактарда тарагандай, аскердик машыгуу өткөргөнү байкалган эмес. Орусиялыктар балдарын сууга сүзүүгө үйрөтүп жатканын, мурунку жылдары деле көл жээгинде ушинтип эс алып келишкенин айтышкан.

Өткөн аптада социалдык тармактарда Ысык-Көлдө өздөрүн Орусиянын "Деңиз жөө аскерлери биримдигинин" мүчөлөрү деп атаган бир ууч адам 20 чакты балдар менен чогуу чатырдан лагерь орнотушканы тууралуу маалыматтар тараган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG