Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Аба ырайы: 40 градуска чейин ысык болот


18-19-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз 35…40° чейин, Талас облусунун өрөөндөрүндө 33…38° чейин жетет.

18-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 33…38;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 23…25°, күндүз 36…38° ысык болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG