Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Пенсиянын камсыздоо бөлүгүн 500 сомго көбөйтүү сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Социалдык фонду быйыл 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздоо бөлүгүн 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көбөйтүүнү сунуштады. Министрлер кабинетинин коомдук талкууга чыгарылган долбоорунда "буга айлык акы жана керектөөчү баалар индексинин өскөнү негиз болду" деп жазылган.

Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылга карата берген маалыматында керектөөчү баалардын өлчөмү 113,9 пайызга, айлык акы 137,3 пайызга өскөн.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, пенсиянын индекстелиши Соцфонд бюджетиндеги каражаттын өлчөмүнө жараша жогорулатылат. Пенсиянын камсыздоо бөлүгүн кеминде 500 сомго көбөйтүүгө жалпысынан 3 млрд 975 млн. 843 миң 900 сом сарпталат.

Соцфонддун маалымдашынча, жаңы индекстөөнүн жыйынтыгында орточо пенсия 9413 сомду түзөт. Бул азыркы орточо пенсиядан 1728 сомго көп болот.

Соцфонддун маалыматына ылайык, өлкөдө 765 миң 600 пенсионер бар. Алардын ичинен 219 миңдей пенсионер 5 миң сомго чейинки пенсия алат.

Быйылкы алты айда Кыргызстанда 38 774 адам пенсияга чыккан. Анын ичинен 4583 адамга июнь айында пенсия чегерилген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG