Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Быйыл он жолу интервенция жасалып, 500 миллиондон ашык доллар сатылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев учурда Кыргызстанда доллар таңкыстыгы жок экенин билдирди. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде өлкөдөгү валюта базарындагы жагдайды "туруктуу" деп сыпаттады жана керектүү чаралар убагында көрүлүп жатканына ишендиргенге аракет кылды.

Бөкөнтаев алты айда он жолу интервенция жасалганын, 500 миллиондон ашык доллар сатылганын, доллардын баасы жыл башынан бери 2,56% өскөнүн билдирди.

"Акча алмаштыруу жайларында жана банктарда накталай АКШ доллары жетиштүү көлөмдө. Алмаштыруу операциялары эч кандай чектөөсүз жүргүзүлүүдө. Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүп, мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн тиешелүү иштерди алып барууда. Жыл башынан бери доллардын расмий курсу 2,56% өсүп, 87,87 сомду түзгөн. 2023-жылдын башынан тартып 14-июлуна карата алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу үчүн Улуттук банк 500,20 млн. АКШ долларын сатуу боюнча он жолу интервенция өткөрдү", - деди Бөкөнтаев.

Улуттун банк жыл башында "тышкы экономикалык олку-солкулуктан жана Орусиянын экономикасына жасалып жаткан санкциялык басымдын фонунда Кыргызстандын валюта рыногунда доллар тартыштыгы байкалып жатканын” билдирген эле.

Жогорку Кеңеште Улуттук банк долларды буга чейинкиге караганда көп өлчөмдө сатыкка чыгарса да, сомдун курсу өзгөрбөй жатканына байланыштуу маселе көтөрүлгөн болчу.

Былтыр Кыргызстанда улуттук валюта сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалып, 295 миллион доллар сатыкка чыгарылган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG