Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Кыргызстандан Британияга утурумдук жумушка 5230 адам жөнөтүлдү


Кудайберген Базарбаев менен Николас Боулер.
Кудайберген Базарбаев менен Николас Боулер.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 17-июлда Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолукту. Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда кыргызстандыктарды Британияда утурумдук жумушка орноштуруу маселелери талкууланды.

"Британиядагы утурумдук жумуштарга кабыл алуу бул өлкөнүн өкмөтү бекиткен үч оператор менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашат. Ага ылайык, быйылкы жылга Кыргызстандын жарандары үчүн сегиз миң квота бөлүнгөн. Ушул күнгө карата Британияга бул программанын негизинде 5230 адам барды", -деп жазылган маалыматта.

Британия өткөн жылы Кыргызстанга миң жумуш ордуна квота бөлгөн. Жумушчуларды тандоо, алар менен офлайн аңгемелешүүнү Британиянын Pro-Force компаниясы өзү жүргүзөрү маалымдалган.

Өткөн айда министр Базарбаев кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылууга байланыштуу дагы башка Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Аталган министрлик былтыр Жапониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасы менен да келишимге кол койгон. Ага ылайык Жапонияга 300 кыргыз жараны жумушка жөнөтүлөрү кабарланган. Андан тышкары Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлгөнү маалым болгон.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG