Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Суу көйгөйү: акциядан кийин кармалган эки киши 15-сентябрга чейин камалды


Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов сотко жеткирилген учур. 17-июль, 2023-жыл. Сокулук
Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов сотко жеткирилген учур. 17-июль, 2023-жыл. Сокулук

Сокулук райондук соту 18-июлга караган түнү суу көйгөйүн чечүүнү талап кылган акциядан кийин кармалган Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовдун бөгөт чарасын карады. Экөөнү тең 15-сентябрга чейин тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Мунун алдында блогер Эртай Искаковго карата да ушундай эле чечим чыккан.

Искаковдун да, эки жарандын да бөгөт чарасын кароо үч сааттан ашык убакытка созулду.

Жыл сайын жайында суу тартыш болгон Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Милиция 15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаковду, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду кармалган. Үчөө тең 48 саатка камалган. Аларга "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген берене менен иш козголгон.

Айыпталгандардын тарапташтары, жакындары коюлган айыптарды четке кагып, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтып жатышат. Адвокаттар аталган берене оор кылмыш болуп эсептелбей турганын, кармалгандар бошотулушу керектигин билдиришкен.

Сары-Өзөн жаңы конушунун 20дан ашык тургуну 16-июлда камактагыларды бошотууну талап кылган жыйынга чогулуп, президентке кайрылуу жолдошту.

Бишкектин жака-белиндеги Селекция, Орок айылдарында, Сары-Өзөн, Арча-Бешик, Ынтымак, Ак-Ордо жана башка конуштарда бир нече жылдан бери жайында таза суу тартыштыгы курч маселеге айланды.

Суу өткөн аптада башкалаанын борбордук бөлүгүндө да эки күнгө токтогон. (AiB/NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG