Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Казакстан жүк ташууга тарифти арзандатууну Өзбекстандан суранды


Өзбекстан менен Казакстандын желектери.
Өзбекстан менен Казакстандын желектери.

Астана Ташкенттен темир жол аркылуу Ооганстанга жүк ташуу үчүн тарифтерди төмөндөтүүнү суранууда.

Казакстандын расмий маалыматына ылайык, бул маселе 17-июлда Астанада өкмөттөр аралык жумушчу топтун жыйынында көтөрүлдү.

Казакстандык өндүрүшчүлөр тарифтер арзандатылса, Ооганстанга ун жана башка товарларды экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө.

Өзбекстан менен Казакстандын вице-премьер-министрлери Жамшид Хожаев менен Серик Жумангарин баштаган эки өлкөнүн делегациялары муну талкуулап, чечүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашты. Азыркы тарифтин көлөмү канча экени тууралуу маалымат айтылган жок.

"Азаттыктын" өзбек кызматы статистикалык маалыматтарга таянып жазгандай, 2017-жылы Казакстандан Өзбекстан аркылуу Ооганстанга 1 миллион 209 миң тоннадан ашуун ун экспорттолгон.

Пандемиядан кийинки жылдары бул көрсөткүч кыйла азайып, 2021-жылы 536 миң тонна, 2022-жылы 816 миң тонна ун жөнөтүлгөн. Быйыл алты айда экспорттун көлөмү 275 миң тоннаны түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG