Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Сот блогер Карыбек уулун эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту


Улукбек Карыбек уулу.
Улукбек Карыбек уулу.

Бүгүн, 16-июлда Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын карады. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн жокко чыгарып, блогерди эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Тергөөчү Карыбек уулун эки айга, тергөө бүткөнгө чейин камоону соттон өтүнгөн.

Мунун алдында Ош шаардык сотунун судьясы Улукбек Карыбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Жактоочу Жылдыз Кадырова Карыбек уулуна каршы арыз жазгандар боюнча сотко кайрылышарын "Азаттыкка" билдирди.

Соттук отурумду видео, сүрөткө тартууга уруксат берилген эмес. Блогерди колдоп келгендер буга нааразылыгын билдирип, сот ачыктыгы сакталбай жатканын белгилешти.

15-июлда Карыбек уулу "Бейбаштык" беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалганы белгилүү болгон.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери блогерге чара көрүүнү өтүнүп кайрылганын "Азаттыкка" ырастаган. Ал 7-июлда белгисиз журналисттер төрөт үйүнө уруксатсыз кирип келип, видео тасмага тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.

Ош шаардык милициясы билдиргендей, блогерлер төрөт үйүнүн эки кызматкерине баш бербей түртүп кирген, жаңы көз жарган он чакты келинден маек алган. Блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миңге жакын материалдык зыян тарткан.

Ички иштер министрлиги блогер Улукбек Карыбек уулуна байланыштуу башка иш боюнча топтолгон материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберилгенин 15-июлда кабарлады. Блогер "милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес" деп шек саналууда.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 10-июлунда блогер Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына видео тартуу тобу менен кирип барган. Күзөт кызматы аларды министрдин иш бөлмөсүнөн чыгуусун өтүнгөн учурда ЖМК жөнүндө мыйзамга таянып өздөрүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган.

Жогорудагы аталган факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Улукбек Карыбек уулу мыйзам бузбаганын жана бейбаштык кылбаганын билдирген видео таратты. Ал өзү дагы видеоаппараттарын тартып алууга аракет кылган дарыгерлерге карата арыз жазганын, бирок ал каралбай жатканын айткан.

Анын Ютубдагы каналына 500 миңден ашык адам катталган. Ал мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, тейлөөнүн сапаты боюнча видеолорду жарыялап турат.

12-июлда “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG