Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Селекция айылынын айрым тургундары сурак бергени кабарланды


Суунун жоктугуна нааразы болуп жол тоскон тургундар. Бишкек. 14-июль.
Суунун жоктугуна нааразы болуп жол тоскон тургундар. Бишкек. 14-июль.

Таза суунун чыкпай калганын айтып, нааразылык акциясына чыккан Селекция жана Сары-Өзөн айылдарынын тургундары суракка чакырылганы кабарланды.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына үч кишини күч кызматкерлери алып кетип, 48 саатка камаганы жатканын жазды.

Милициядан суракка чакыруу келгенин айыл тургундары "Азаттыктын" кабарчысына ырасташты. Бирок канча киши чакырылганы жана алардын аты-жөнү азырынча белгисиз.

Милиция бул тууралуу маалымат бере элек.

Ушул эле күнү блогер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ленин аймагынан талапкер болгон Эртай Искаков суракка күбө катары чакырылганын "Азаттыкка" өзү билдирген. Ал 14-июлдагы акцияны видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыккан. Чогулгандар менен жолугуу үчүн бийлик өкүлдөрүнө суроо берген.

14-июлда Сокулук району менен Бишкек шаары чектешкен Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары таза сууга байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

Тургундар бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылып Бишкектин Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүнө топтолушкан. Алар үч айдан бери сууга жетпей отурганын, бул маселе тез арада чечилбесе, жолду бууганга чейин бара турганын эскерткен.

Чогулгандар менен жолуккан "Бишкек сууканалынын" жетекчиси Таалайбек Орозов эки жумада маселе толук чечилерин айткан. Бүгүн, 15-июлда Селекция менен Арча-Бешикке суу бир күндөн кезек менен берилип жатканы маалым болгон.

Сокулуктагы Селекция, Орок айылдарында жана Арча-Бешик конушунда жай башталгандан бери суу чыкпай, тургундардын нааразылыгын жаратууда.

3-июлда аталган айылдардын жашоочулары менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан.

Кыргызстанда быйыл катуу ысыктан улам шаарда ичүүчү, элетте сугат суу тартыштыгы жаралды. (ST)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG