Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Аба ырайы: 19-июлга чейин күн ысык болот


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Кыргызгидромет кызматы 17-19-июлдь күндөрү ысык аба ырайы сакталарын эскертти. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.

Мекеме бул күндөрү күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөнү, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарып турууну сунуштайт.

15-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19...24, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...26, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 33…35 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG