Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Ак-Ордо: Жер мунапысы жай жүрүп жатканын айткандар жыйын өткөрүштү


Ак-Ордо. 2023-жылдын 13-июлу.
Ак-Ордо. 2023-жылдын 13-июлу.

Бишкек жана Сокулук району чектешкен тилкеде жайгашкан Ак-Ордо конушунда 13-июлда жер мунапысы жай жүрүп жатканын айткандар наарызылык жыйынга чогулушту.

“Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, алар мындагы тургундардын 10 миңден ашыгы “кызыл китеп” алуу үчүн арыз жазса, бүгүнкү күндө 1700ү гана менчик укугуна ээ болгонун, көп жер тилкелери камакка коюлуп калганын айтышты.

Жыйынга Чүй облусунун Сокулук районунун жетекчилиги, кадастр жана мамлекеттик каттоо мекемелеринин жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Район акими Илияз Ташкулов жер мунапысы мыйзамга ылайык жүргүзүлүп, камакта турган эки миңдей тилке боюнча иш жүрүп жатканын айтты.

Жыйынга чогулгандар президент Садыр Жапаровдун жер мунапысы боюнча тапшырмасы аткарылбай жатканын айтып, камакка коюу тартибин өзгөртүүнү, жерди мээнети менен сатып алгандарды маселеге аралаштырбоону суранышты.

Ак-Ордо-1, Ак-Ордо-2 жана Ак-Ордо-3 конуштары жалпысынан миң гектардай жерди ээлейт. Бул жерде жашаган Марал Шаболотованын үйү соттун чечими менен ушул жылдын март айында түрттүрүлүп, ага президент реакция кылып тамын кайра тургузуп бергенден кийин тургундар утур-утур нааразылыкка чыгып келет. Алар бийликтен там салынган жерин мыйзамдаштырууну тездетүүнү талап кылууда.

722 тилкедеги үйлөр электр зымы өткөн жерге салынып калганы, мындан улам аларга “кызыл китеп” берүү маселеси жаралганы маалымдалган.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган. (KS)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG