Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

200дөй орусиялык спортчу башка өлкөлөрдүн жарандыгын алды


Сууда сүзүү боюнча Европанын үч жолку чемпиону Анастасия Кирпичникова.
Сууда сүзүү боюнча Европанын үч жолку чемпиону Анастасия Кирпичникова.

Былтыртан бери 200дөн ашуун орусиялык спортчу эл аралык мелдештерге катышуу үчүн жарандыгын алмаштырды же алмаштырууга камданууда. Бул тууралуу «Холод» басылмасы ачык булактарга таянып кабарларды. Тизмеде Европа жана дүйнө чемпиондорунан баштап, жаңыдан карьерасын баштап жаткан спортчулар да бар.

Мындай кадамга баргандардын арасында шахматчылар көп. Алардын катарында аялдар арасындагы дүйнө чемпиону Александра Костенюкту белгилөөгө болот.

Экинчи орунда муз үстүндө көркөм бийлөө менен ат спорту турат. Спорттун бул түрлөрү менен алектенген 11 атлет башка өлкөлөрдүн жарандыгын алышты. Андан тышкары теннис менен көркөм гимнастикадан беш спортчу орус жарандыгынан баш тартышты. Сууда сүзүү боюнча Европанын үч жолку чемпиону Анастасия Кирпичникова дагы башка мамлекеттин жарандыгына өткөнү маалым болду.

Негизинен орусиялык спортчулар Израил, Сербия жана Германиянын желегинин алдында мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан кийин Эл аралык олимпиада комитети баш болгон бир катар спорттук ассоциациялар Орусия менен Беларуска санкцияларды киргизишкен. Бул мамлекеттердин спортчулары эл аралык мелдештерге нейтралдуу желектин алдында катыша алышат. Ал эми айрым спорттук иш-чараларга катышууга тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG