Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Европарламент депутаты Кой-Таш окуясы боюнча маселе көтөрдү


Катарина Рот Неведялова
Катарина Рот Неведялова

Европа парламентинин депутаты, европалык социалисттер партиясынын төрагасынын орун басары Катарина Рот Неведялова 12-июлда Брюсселде өткөн пленардык жыйында Кой-Таш иши боюнча маселе көтөрдү.

«Төрт жылдан бери адамдар иштеген жумушунан алагды болуп, сотко бара берүүдөн тажашты»,- деген депутат Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдары күч кызматкерлеринин 2019-жылдын 7-8-августундагы аракетине арызданган 1700 жай тургундун суроолоруна алигүнчө жооп бербей, териштирүү баштай электигин айтты.

Ошону менен катар ал социалдык түйүндөр аркылуу сын айткан активист Айжан Мырсанга ири өлчөмдө айыппул салынганын, Бишкектин тейлөө кызматтарындагы жемкорлук тууралуу айтып чыккан шаардык кеңеш депутаты Кадырбек Атамбаев жана анын пикирин жарыялаган “Бишкек 24” жалпыга маалымдоо каражаты айыпка жыгылышканын, депутат пикири жана билдирүүлөрү үчүн куугунтукка алынбашы керектигин белгиледи.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев быйыл 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткени айтылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган.

Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG