Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Орусия: депутат Миронов Борбор Азия менен виза режимин киргизүүнү сунуштады


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Справедливая Россия — За правду” фракциясынын лидери Сергей Миронов. 23-сентябрь, 2022-жыл.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Справедливая Россия — За правду” фракциясынын лидери Сергей Миронов. 23-сентябрь, 2022-жыл.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Справедливая Россия — За правду” фракциясынын лидери Сергей Миронов миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырууга чакырды. Бул тууралуу ал Телеграмдагы каналына жазды.

Ал орус жарандыгын туш келди берүүнү токтотууну, Борбор Азия мамлекеттери менен виза режимин киргизүүнү жана мигранттар үчүн 14 жаштан баштап орус тилинен сынак алууну сунуштады.

Сергей Миронов буга чейин да мигранттарга каршы билдирүүлөрдү жасап келген.

Ал арада Орусияда мыйзамсыз мигранттарды аныктоого багытталган операциянын биринчи баскычы жыйынтыкталды.

Анын алкагында Орусиядан жети миңдей мигрант депортацияланды, бир нече миң адамга каршы кылмыш иши козголгонун орус Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Ирина Волк 12-июлда билдирди.

Ал кошумчалагандай, кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүү, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу.

Орус бийлиги операциянын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү жүргүзүлгөнүн билдирген. Анткен менен мигранттар ушул күнгө чейин рейддер токтобой жатканына нааразы. Бул жолу өзгөчө басым-кысымга тажикстандык мигранттар кабылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG