Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Ташкентте элди АКШга мыйзамсыз жөнөтүүнү убада кылгандар кармалды


Кошмо Штаттар менен Мексиканын чек арасындагы Сарагоса-Ислета көпүрөсүндө топтолуп, Америкага өтүүнү көздөгөн мигранттар. Мексика, Сьюдад-Хуарес шаары. 16-май, 2023-жыл.
Кошмо Штаттар менен Мексиканын чек арасындагы Сарагоса-Ислета көпүрөсүндө топтолуп, Америкага өтүүнү көздөгөн мигранттар. Мексика, Сьюдад-Хуарес шаары. 16-май, 2023-жыл.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте бир нече жаранды Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылган эки киши алдамчылыкка шек саналып кармалды.

Бул тууралуу 12-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасына караштуу Экономикалык кылмыштаргы каршы күрөшүү департаменти Телеграм аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандардын бири тааныштарын 30 миң долларга Мексика аркылуу АКШга киргизүүнү убада кылган. Экинчиси мурда ар кандай кылмыштар менен соттолгон. Ал АКШга баруу үчүн виза жасап берерин айткан. Кызмат акысына беш миң доллардай сураган жана акчанын кайсы бир бөлүгүн алып жаткан маалда кармалган.

28-майда Самаркандда мекендештерин АКШга Мекскика аркылуу 30 миң долларга жөнөтүүгө убада кылган адам кармалган.

Кыргызстандан дагы АКШга Түштүк Америкадагы Мексика, Боливия, Эквадор сыяктуу мамлекеттери аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандар көп. Ар кандай маалыматтарга караганда, Тихуанадагы АКШ менен Мексиканын ортосундагы өткөрмө бекеттин жанында кезек күткөн жүздөгөн кыргыздар бар. Алардын арасында Орусиянын жарандыгын алгандар да арбын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG