Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:15

"Унаа" ишканасы жасалма айдоочулук күбөлүк үчүн жаза чарасын эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Унаа» мамлекеттик ишканасы соңку кезде социалдык түйүндөрдө айдоочулук күбөлүктү саналуу күндө жасап берүүнү убада кылган шылуундар пайда болгонун маалымдап, бул үчүн айдоочу кылмыш жообуна тартылып калышы ыктымал экенин эскертти.

Мекеме бүгүн 12-июлда жарыялаган маалыматында күбөлүктү эки күндө жасатып берем дегендер мындай “кызматы” үчүн 7-15 миң сом сурап, акчаны алдын ала алар замат дайынын таптырбай кетип жатканын, бул кадимки алдамчылык схемасы экенин белгиледи.

“Кылмыш-жаза кодексинде атайылап жалган документти пайдаланганы үчүн жоопкерчилик, анын ичинде эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертебиз. Сиз алдамчылардан айдоочулук күбөлүктү сатып алган күндө да ал Кыргыз Республикасынын айдоочулук курамынын маалымат базасында катталбайт жана мындай аракеттер сизди кылмыш жообуна тартууга алып келет” деп айтылды мекеменин маалыматында.

Кыргызстанда жеңил машине айдоо укугун берүүчү айдоочулук күбөлүктү 17 жаштан тартып алса болот. Күбөлүктү айдоочулукка үйрөтүүчү мектепти аяктаган, теориялык да, практикалык да сынактан өтө алгандарга “Унаа” мамлекеттик ишканасы жазып берет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG