Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Сергей Шойгу Украинаны кассеталык ок-дары менен опузалады


Сергей Шойгу.
Сергей Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эгер Украинага кассеталык ок-дары берилсе орус армиясы дагы мындай бомбаларды колдоно баштарын билдирди. Ал муну "аргасыз чара" жана Киевге "жооп" катары сыпаттап, ушул кезде Москва "кассеталык ок-дарыны колдонуудан карманып келе жатат" деп айтты.

Ошол эле маалда украин бийлиги Орусия согуш баштагандан бери бир канча жолу кассеталык бомба колдонгонун билдирип келет. Москва болсо дооматты такай четке кагат.

Өткөн аптада Кошмо Штаттары Украинага берилүүчү баасы 800 миллион долларлык кезектеги жардамдын алкагында кассеталык ок-дары жөнөтөрүн расмий бышыктаган. Коргоо министринин орун басары Колин Каль Киев мындай ок-дарынын колдонулушу тууралуу АКШга такай отчет берип турарын, өз эли үчүн тобоокелчиликти азайтуу максатында өз аймагында гана колдонуу тууралуу милдеттеме алганын белгилеген.

Президент Жо Байдендин кеңешчиси Жейк Салливан “Орусия Украинага каршы согуш ачкандан тартып эле кластердик бомбаларды колдонгонун, Украина өз аймагын коргош үчүн ушундай куралга муктаж экенин” айткан.

АКШнын бир катар өнөктөштөрү Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүүгө каршы чыккан.

Кассеталык дүрмөттөр асманда жарылып, майда бөлүкчөлөрдү узакка чачыратат. Андан өтө көп жайкын тургундар кырылып калышы ыктымал деген кооптонуу бар. Бомбанын майда бөлүкчөлөрү аткылоо учурунда жарылбай, кийин жарылышы мүмкүн жана ал жер-суунун баарын мина талаасына айлантууга жөндөмдүү.

Дүйнөдө кассеталык бомбаларды колдонууга тыюу салуу конвенциясы 2010-жылдан бери күчүнө кирген. Ага 100дөн ашык мамлекет кол койгон, бирок Орусия да, Украина да кошулган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG